Мураталиев Мелис Казакбаевич президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.
Буга чейин мамлекет башчынын жарлыгы менен Каныбек Осмоналиев Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жетекчиси кызматынан бошотулган.