Мелис Мырзакматов менен Мелис Турганбаев куда болушту (сүрөт)

Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев менен Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов куда сөөк болушту. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары жазып, жакшылыктан сүрөттөр менен бөлүшүштү.

Маалыматтарга караганда, Ош шаарында Мырзакматов кыз узатуу тоюн өткөргөн. Ал кызы Каныкейди Турганбаевдин уулу Азаматка турмушка узаткан. Үлпөт той 19-ноябрда Бишкекте өтөт.