Мелис Сатыбеков энергетика жана өнөр жай министринин орун басары болуп дайындалды

Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары — Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин директору болуп Сатыбеков Мелис Бакытович дайындалды. Маалыматты бүгүн, 6-апрелде Энергетика жана өнөр жай министрлигинен тастыкташты.

Буга чейин Сатыбеков Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин геология башкармалыгынын жетекчиси болчу.