Мелис Турганбаевдин Айсулуу Тыныбекованын медалы менен сүрөткө түшкөнү кызуу талкууда

Социалдык тармактарда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы башчысы Мелис Турганбаевдин Олимпиада оюндарында күмүш медаль алган Айсулуу Тыныбекова менен түшкөн сүрөтү жарыяланды. 

Сүрөттө Мелис Турганбаевдин бир күн мурун Айсулуу Тыныбекова жеңип алган күмүш медалын мойнуна илип түшкөн. Фейсбуктун колдонуучулары нааразы болуп, башкалардын сыйлыктары менен сүрөткө түшүүнү этикага туура келбейт деп эсептешти.  Мындан тышкары, анын Токиого барганы да талкууда.

Буга чейин Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызынын машыктыруучусу Дүйшөн Жуманазаров Токиого барган делегациянын курамына кирбей калганын айткан эле.