Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы башчысы Мелис Турганбаев ИИМге сурак берди. Бул тууралуу айрым ЖМКлар өз булактарына таянуу менен жазы чыгышты. Ал күбө катары сурак берген.
Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов менен «Толубай» жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаевдин сүйлөшүүсү делген видеодо Мелис Турганбаевдин да аты аталган эле.