Бейшемби, 12.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Маркум Чыныбай Турсунбековдун кызы «Акун» пансионатынын сатып алынганга чейинки абалын эскерди

11:09 10.01.2023
0
Маркум Чыныбай Турсунбековдун кызы «Акун» пансионатынын сатып алынганга чейинки абалын эскерди

«Акун» компаниялар тобуна кирген ишканалардын биринин жетекчиси Айдай Турсунбекова «Акун» пансионатын 1999-жылы ата-энеси барып тандап алганын, ал учурда өзү 11 жашта болгонун, андан бери бир топ иштер жасалганын жазып, салыштыруу иретинде сүрөттөр менен бөлүштү.

«Мындан 24 жыл мурун, 1999-жылы сентябрь айында ата-энем менен Ысык-Көлгө бардык. Анда мен 11 жашта элем, сиңдим 9 жашта, иним болгону 2 жашта болчу. Жашым кичүү болгон үчүн биз пансионатты тандоо максаты менен бара жатканыбызды жакшы деле түшүнбөптүрмүн.

Кара-Ой айылындагы «Чынар» пансионатына барып, абдан эски коттедждер, талкаланган аллеялар, территорияда жайылып жүргөн мал, көптөн бери каралбай калгандыгы көрүнүп турду. Бирок эмнегедир ал пансионат баарыбызга жакты. Өзгөчө аурасы бар эле. Менимче, биз ошондо эле ушул пансионатты тандай турганыбызды түшүнгөнбүз. «Чынар» пансионатынан алган алгачкы таасирим бир башкача эле. Ашкананын чатырында Ысык-Көлдүн ажайып кооз көрүнүшүн көргүдөй ачык терраса бар эле. Ал жерден биз пансионаттын аймагына көз жүгүртүп, атам, апам менен бул пансионатты кантип өзгөртөбүз деген пландарды абдан көңүлдүү талкуулаганбыз. Аткарыла турган иштер көп экенин мен кийин түшүндүм. Бала болгондугумдан пансионаттын канчалык кейиштүү абалда экенин кабыл алган эмесмин, бирок анын абдан эски жана каралбай калгандыгы балага деле түшүнүктүү эле. Бирок аурасы – абдан сыйкырдуу эле! «Чынардан» кеткибиз келбей, жээкке барып сууга тушүүнү туура көрдүк. Пляжды отоо чөп басып кеткен экен, малдан кийин калган «миналарды» басып албоо үчүн абайлап өтүү керек эле. Эскилиги жеткен «грибоктун» астына барып жайгаштык. Сүлгү алып келүү үчүн пляждан машинаны көздөй чуркап барганым эсимде. «Чынар» пансионатынын негизги кире бериши жана унаа токтотуучу жайы «Күнөстүү жээк» пансионаты менен чектеш жерде болчу, азыр ал жерде жергиликтүү калк үчүн пляжга кирүүгө жол ачып бергенбиз. Территорияда адашып калбаш үчүн өзгөчөлөнүп өсүп турган чоң кооз даракка ориентир алдым – ал мажүрүм тал эле. «Керемет! Атам, апама көрсөтүш керек экен» деп ойлонуп артка жол табуу үчүн аны эстеп калдым. Ал дарак дагы деле ошол жерде өсүп турат. Андан анча алыс эмес жерде чоң кооз карагай өсүп турган эле. Тилекке каршы, биз атамдан айрылган жылы, карагай дагы кардын оордугун көтөрө албай толугу менен сынып калды. Атам бул карагайды абдан жакшы көрчү эле. Бүгүн пансионаттын эски сүрөттөрүн карап отуруп, ошол күндү эскердим. Ашкананын террасасында отуруп, куруп койгон пландарыбыздын көбүн ишке ашыра алганыбызды түшүндүм. Дагы көп иштерди аткара турчу пландарыбыз бар. Бир нерсени айта алам: пансионатка жумшалган көп жылдык зор мээнеттер, талыбаган эмгектер чын дилден, өтө берилүү, сүйүү менен жасалып азыркы өзгөрүүлөргө алып келди!» — деп жазды ал.

УКМК 2008-жылы Ысык-Көл райондук соту тарабынан “Акун” пансионатынын жеке менчигине Кара-Ой айылында жайгашкан 17,65 гектар жер тилкесин берүү боюнча мыйзамсыз чечим чыгарылганын билдирген. 371 миллион сомго бааланган жер тилке мамлекеттин балансына кайтарылганы маалымдалган болчу.

 

1 / 12
- +
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

БУУӨП жана Агартуу министрлиги өлкөнүн мектептеринде климаттык билим берүүнү өнүктүрүүдө

БУУӨП жана Агартуу министрлиги өлкөнүн мектептеринде климаттык билим берүүнү өнүктүрүүдө

Автор Эдита Ильясова
17:02 12.03.2026
0

Климаттын өзгөрүшү — бүгүнкү күндүн эң олуттуу глобалдык көйгөйлөрүнүн бири. Анын кесепеттери дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө байкалууда. Казылып алынуучу отундарды колдонуу...

Предметке карабайт… Бардык мугалимдердин айлыгы 100 пайызга жогорулайт

Предметке карабайт… Бардык мугалимдердин айлыгы 100 пайызга жогорулайт

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:51 11.03.2026
0

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси жана колдоосу менен 2026-жылдын 1-апрелинен тартып билим берүү системасынын кызматкерлеринин эмгек акысы учурдагы деңгээлден 100 пайызга...

Бишкек-Ош жолу ачылды

Бишкек-Ош жолу ачылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:55 11.03.2026
0

Бишкек-Ош автожолуна түшкɵн кар кɵчкү саат 11:30да толугу менен тазаланып, эки тараптуу каттам камсыздалды. Учурда Арал постунан киргизилген оор жүк...

Ала-Белде кар көчкү түшүп, Бишкек-Ош жолу убактылуу жабылды

Ала-Белде кар көчкү түшүп, Бишкек-Ош жолу убактылуу жабылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:36 11.03.2026
0

Бүгүн, 11-мартта таңкы саат 6:50дɵ Бишкек-Ош авто жолунун 224-чакырымында Ала-Бел ашуусунда кар кɵчкү түштү. Бардык авто унаалар үчүн каттам убактылуу...

Орозо айт майрамы 20-мартта белгиленет

Орозо айт майрамы 20-мартта белгиленет

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:58 10.03.2026
0

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы 2026-жылдын Орозо айт майрамы 20-март күнүнө дал келерин маалымдайт. Бул чечим ТМУга мүчө-өлкөлөрүнүн муфтияттарынын алдындагы фатва...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Бийликти каралоого жана коомдук-саясий абалды курчутууга багытталган посттор… ИИМ журналист камакка алынганын билдирди

Бийликти каралоого жана коомдук-саясий абалды курчутууга багытталган посттор... ИИМ журналист камакка алынганын билдирди

09:27 12.03.2026
БУУӨП жана Агартуу министрлиги өлкөнүн мектептеринде климаттык билим берүүнү өнүктүрүүдө

БУУӨП жана Агартуу министрлиги өлкөнүн мектептеринде климаттык билим берүүнү өнүктүрүүдө

17:02 12.03.2026
«УКМК тарабынан кармалды, арыз жазам деп коркуткан». Бишкекте 50 миң доллар талап кылууга шектүү кармалды

"УКМК тарабынан кармалды, арыз жазам деп коркуткан". Бишкекте 50 миң доллар талап кылууга шектүү кармалды

09:37 12.03.2026
БУУӨП жана Агартуу министрлиги өлкөнүн мектептеринде климаттык билим берүүнү өнүктүрүүдө

БУУӨП жана Агартуу министрлиги өлкөнүн мектептеринде климаттык билим берүүнү өнүктүрүүдө

17:02 12.03.2026
Кара-Балтада күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип аялы кармалды

Кара-Балтада күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип аялы кармалды

10:15 12.03.2026
Бишкекте кайгуул кызматкерлери зордуктоо кылмышына шектелген жүк ташуучу унаанын айдоочусун кармашты

Бишкекте кайгуул кызматкерлери зордуктоо кылмышына шектелген жүк ташуучу унаанын айдоочусун кармашты

09:42 12.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү