«Мен Адаханга көрсөтмө берейин деп келген жокмун». Бекназаров Мадумаровго жооп кайтарды

«Мен Адаханга көрсөтмө берейин деп келген жокмун». Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров видео кайрылуусунда билдирди.

«Кайрылууга бүгүн түнү менен соцтармакта жазылып жаткан билдирүүлөр себеп болду. Анда мени атайын Малайзиядан келип, Адахан Мадумаровго каршы көрсөтмө берген кишидей кылып көрсөтүшүп, пиар жүрүүдө, мына ошол боюнча түшүндүрмө берип коюуну туура көрдүм. Мен ал үчүн келген жокмун. Мени өткөн жылдын декабрь айында 2010-жылдагы Июнь окуясы боюнча чакырышкан. Үч күндөн бери ошонун алкагында сурак берип жатам. Мен Адаханга көрсөтмө берейин деп келген жокмун. Камчы иним, Адахан иним, бир жыл мурда Баткен окуясын ошол чек ара сырын сактабагандан чыгарган чырыңарды эми тергөөнүн сырын бузуп, элдин башын оорутуп, дагы чыр кылайын деп жатасыңарбы? Сурак кылганың да, сурак бергениң да, мыйзамды жана тергөөнүн купуялуулугун сактап, элдин башын оорутпай, жөн бербейсиңерби, жөн жүргүзбөйсүңөрбү?» — дейт видеодо Азимбек Бекназаров.

Кечээ, 18-январда Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгында сурак берген. Андан чыккан соң, саясатчы «эртең мага бир азамат сүйлөп берем деп келген экен» деген.  Анын тарапташтары «Бекназаровбу деп сураганда Мадумаров башын ийкегилеген.