«Мен билгенимди айттым». УКМКнын төрагасы Ташиев сурак тууралуу маалымат берди

Бүгүн, 25-апрелде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Башкы прокуратурага суракка чакыртылган. Ал сурактан чыгып, андан эмнелерди сураганын айтып берди.

«Мени 25-апрелде Башкы прокуратурага чакырышты. 2010-жылдагы Июнь окуясы тууралуу сурак береримди айтышты. Өз көрсөтмөмдү бердим. Июнь окуясы тууралуу кылмыш иши козголгонун билем, учурда тергелип жатат. Мен тергөө кандай жүрүп жатканын билбейм, билгенимди айттым. Ал эми мамлекеттик жана депутаттык комиссиялардын отчетторунда Июнь окуясына негизги күнөө Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө жүктөлөрү так белгиленген. Алар түштүктө өз таасирин жана бийлигин сактап калууга аракет кылып, жергиликтүү сепаратисттерди колдоп, алардын мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдалангысы келип, ага байланыштуу улуттар аралык кагылышуулар болгон. Анын кесепетинен 500гө жакын адам өлүп, бир нече жүз миңдей адам жарадар болуп, мамлекетке чоң зыян келтирилген. Бул Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн аракетинин натыйжасында болду», — деди ал.