«Мен бүгүн абдан бактылуумун». Аскар Акаев Кыргызстанга тергөө менен кызматташууга келгенин айтты

Мен президент Садыр Жапаровго Кыргызстанга келишиме мүмкүнчүлүк бергени үчүн ыраазычылык билдирем. Мен тергөө менен кызматташууга келдим. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта экс-президент Аскар Акаев билдирди.

«Мен тергөө менен кызматташууга, жардам берүүгө келдим. Силер билесиздер мага Кумтөр боюнча айыптар бар. Кумтөр менин тушумда курулган. Ошондуктан мен тергөөгө жардамдашып, көрсөтмө бердим. УКМКнын төрагасына ыраазычылык билдирем. Албетте, мага суроолор бар. Мына мен биринчи суракты бердим. Мен чын жүрөктөн бардыгын айтып берүү үчүн келдим.Тергөө уланат. Бүгүн эле учуп келдим. Иш менен да жаңы тааныштым. Ошондуктан бул жакта жолугушуулар улана берет. Башка эч нерсе айта албайм. Бир гана келгениңиздерге рахмат деп айта алам«,- деди ал.