«Мен да кабыл алгам». Ташиев издөөгө алынган Азим Рой боюнча үн катты

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев издөө жарыяланган ишкер Азим Рой Кыргызстанга келгенде президент Садыр Жапаров кабыл алганын айтты.

«Мен да кабыл алгам. Ал ошондо криминалдык жүрүш-турушумду токтоттум деген. «Мен инвестормун, акчам бар» деген. Президент да «мыйзам бузбагыла, элге тийишпегиле» деген. Анан эмне болду. Мына ошондон бери 2 жыл өттү. Ал Кыргызстанга завод эмес, камок салган жок. Кайрадан элди тоноо, тартып алуу иштерин баштады. Биз ага чара көрдүк. Бизге андай инвестор кереги жок. Мыйзам алдында жооп берет», — деди ал.