«Мен жакшымын, атты союп салышты» дейт Таласта тай казанды сүзүп, аты менен кошо учкан көк бөрүчү

30-январда Таластагы Айтматов районунда жергиликтүү командалардын оюну учурунда көк бөрүчү катуу ылдамдыкта тай-казанды сүзгөн.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине көк бөрүчүнүн Илис уулу Кушчубай экенин маалым болду. Ал редакцияга абалы жакшы экенин айтты.

«Мен Талас облусуна караштуу Айтматов районунун Бакайыр айылында 1996-жылы төрөлүп, ошол жерде өстүм. Эс тарткандан бери эле аттын үстүндөмүн. Жаш кезимден бери эле улак тартам. 7-8-класс кезимде айылда жер улактарда тартып жүрчүмүн. 

Ал атты негизи мурунку оюндарда же тай казан оюндарына минип көргөн эмесмин. Ошол жерден эле минип буллитке чыккам. Ат меники эмес болчу. Негизи башка бала чаап жаткан, анан мен бир минип көрөйүн деп сурап мингем. Атты сойбой койсо деле болот болчу, бирок ат бир аз кыйналып жатканынан сойгонго туура келди», — деди ал.