«Мен жашай албайм». Чүйдө дайынсыз болуп жаткан келиндин аудиосу жарыяланды

Чүй облусунда Жанарбек кызы Асел дайынсыз болуп жатканы маалымдалган. Маалыматка караганда, ал 15-февралда саат 01:30 чамасында Кант шаарындагы Некрасов көчөсүндөгү үйүнөн чыккан бойдон кайтып барган эмес. Аталган факты каттоого алынып, издөө иштери башталган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Чоң Чүй каналынын боюнан дайынсыз жоголгон кыздын курткасы, сланцысы жана уюлдук телефону табылган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги кыздын атасы менен байланышканыбызда, учурда издөө иштери жүрүп жатканын айткан. «Турмушка чыкканына 2 ай болгон. Акыркы жолу кызым менен 14-февралда саат 21:00дө сүйлөшкөм. Курбу кыздары менен жүргөнүн айткан. Башка эч нерсе деле айткан эмес. Кайын журтунан сурасак, үйдө уруш болбогонун, жолдошу экөөнүн ортосунда бир аз келишпестик болгонун айтышты», деген ал.

Кыздын жакындары анын шашып бара жатып жаздырган аудиосу менен бөлүшүштү. Анда «Мен өзүмдү өлтүрөм. Жашай албайм. Менин өлүмүмө А. күнөөлүү» дегенин угууга болот. Чүй ОИИБге кайрылганыбызда, аудиолор текшерилип жатканын билдиришти.