«Мен жашай албайм» деген аудио жиберип, дайынсыз болуп жаткан келиндин жолдошу эмне дейт?

Чүй облусунда Жанарбек кызы Асел дайынсыз болуп жатканы маалымдалган. Ал 15-февралда саат 01:30 чамасында Кант шаарындагы үйүнөн чыккан бойдон кайтып барган эмес. Аталган факты каттоого алынып, издөө иштери башталган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Чоң Чүй каналынын боюнан дайынсыз жоголгон кыздын курткасы, сланцысы жана уюлдук телефону табылган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги кыздын атасы менен байланышкан. «Турмушка чыкканына 2 ай болгон. Акыркы жолу кызым менен 14-февралда саат 21:00дө сүйлөшкөм. Курбу кыздары менен жүргөнүн айтып, башка эч нерсе деле айткан эмес. Кайын журтунан сурасак, үйдө уруш болбогонун, жолдошу экөөнүн ортосунда бир аз келишпестик болгонун айтышты», — деген ал.

Кыздын жакындары анын шашып бара жатып жаздырган аудиосун бөлүшүшкөн. Анда «Мен өзүмдү өлтүрөм. Жашай албайм. Менин өлүмүмө А. күнөөлүү» дегенин угууга болот. Чүй ОИИБге кайрылганыбызда, аудиолор текшерилип жатканын билдиришкен.

Келиндин жолдошу жубайы каналга секирип кетиши мүмкүн эмес экенин божомолдоду. Ал окуя болгон күндү айтып берди. «Экөөбүздүн ортобузда аябай чоң уруш болгон эмес. Инстаграмдагы тарыхчага бүгүн үйгө барбай турганын жазып коюптур. Ачуум келип, «анда келбей эле кой» дедим. Кийимдерин чогултуп коюшумду айтты. Мен макул дегем. Уруш ошондон чыккан. Мен колумду көтөрмөк түгүл коркчумун, себеби ал буга чейин 2 жолу өзүн өлтүрүүгө аракет кылган. Ошондо эле ата-энесине айтып, молдого алып барганбыз. Мен ал каналга секирип кетерине ишенбейм, себеби ал буга чейин андай жолго бара албастыгын айткан. Башка жерде болушу мүмкүн», — деди жолдошу Сокол медиага.