«Мен желекти тебелеген жокмун». Балбан сынга кабылганы боюнча үн катты

Буга чейин соцтармакта Азия чемпиондугунда тууга отурган спортчу сынга кабылган эле.

Мындан улам, балбан Орозобек Токтомамбетов соцтармактагы баракчасы аркылуу түшүндүрмө таратты. Спортчунун айтымында, ал желекти тебелеген эмес. «Мен тизе бүгүп, таазим кылып, желекти өөп коёюн деп жатканда судья келип калды. Кайра туруп, желекти желбиреттим. Туу мен үчүн ыйык жана баалуу», — деди ал.