«Мен келип жасашым керекпи?». Жалал-Абаддагы стадиондун директору Ташиевден уруш укту (видео)

Кечээ, 28-январда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек” борбордук стадионун реконструкциялоо иштери менен жеринен таанышты.

Долбоорго ылайык, эл аралык талаптарга жооп берген заманбап футбол аянтчасы гибриддик стадион болуп курулат. Каржылоо жагы демөөрчүлөр тарабынан ишке ашып, 40 миллион сомдун тегерегиндеги акча жумшалат. Бул стадион 1967-жылы ашар жолу менен салынган. Камчыбек Ташиев стадиондун айланасындагы чарба иштерине дагы сын айтып, бир катар кемчилдиктерге токтолуп, тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды койду.