«Мен кыргыздын кызы болгонума сыймыктанам». Айсулуу Тыныбекова Япониядан кыргыз элине кайрылды

Токиодогу Олимпиада оюндарында күмүш медаль алган кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Япониядан Кыргыз элине кайрылуу жасады.

«Ар бир айтылган каалоо-тилектериңиздер орундалсын. Мен кыргыздын кызы болгонума сыймыктанам. Себеби сиздердей мыкты жердештерим бар»,- деди ал. Тыныбекова мындан тышкары, «Кыргызстанда да Олимпиада оюндары өтсө» деп тилек кылганын айтты.