«Мен кыргызмын «и точка». Эмне дей аласың эми?». Соцтармакта жаңы флешмоб башталды

«Мен кыргызмын «и точка». Эмне дей аласың эми?». Соцтармакта «Кыргыз болгонума сыймыктанам» аттуу жаңы флешмоб башталды. Ал #StandForKyrgyzstan #ProudToBeKyrgyz деген хештегдер менен коштолуп жатат.

«Менин атым Вика, мен орусмун. Мен өзүмдү Кыргызстанда кандай сезем? Мекенинде жүргөн бардык эле адамдар сыяктуу болсо керек. Мен паспорттогу жана башка документтердеги улуту жазылган графаны жек көрөм. Өзүмдү кыргызстандык, балким кыргыздай сезем. Биз баарыбыз кыргызстандыкпыз. Бир досум айткандай, биз баарыбыз орус, өзбек, казак тектүү кыргызбыз. Улуттук азчыкчылыктын өкүлдөрү өзүн кыргыз сыяктуу позицияда алып жүрүшү керек деп эсептейм. Мен кыргызмын «и точка». Эмне дей аласың эми?» деп жазган Виктория Бирюкова аттуу соцтармактын колдонуучусу.