10-февралда Жайыл райондук аймактык ооруканасына 36 жаштагы келин түшүп, 11-февралда көз жарып, эртеси каза болгону тууралуу маалымат тараган. Келин 9-баласын жарыкка алып келген. Маркумдун жолдошу SUPERTV’га маек берди. Ал жубайын дарыгерлердин шалаакылыгынан улам каза болду деп эсептейт. Маркумдун жакындары жана жолдошу ошол күнкү окуяны айтып беришти.
Жардам берүүнү каалагандар үчүн номер: Мбанк: 0706 40 59 40.
«Жубайым экөөбүз 2014-жылдын октябрь айында баш кошконбуз. Мен Токтогул районунун Өзгөрүш деген айылынанмын. 8 балам бар, тогузунчусу боюнда бар эле. Айылда жашап жүрүп, «жумуш жок шаарга баралы, 2 балабыз шаарда» деп айылдагы үйдү сатып, 2023-жылдын декабрь айында көчүп келгенбиз. Балдарды мектепке киргиздик. УЗИге түшүрүп, баары жакшы эле болчу. Кесарево кылдыралы дегенбиз. Бирок дарыгерлер «өзү төрөйт, биздин операция кылганга азыр укугубуз жок» деп коюшту. «Мейли, дарыгерлер билет» дедик. Толгоосу башталганда төрөтканага бардык. Күндүз 12де барганбыз. Төрөгөнчө кечки 19:00 болуп кетти. Биз кыйналып кетти деп кесаревого уруксат берерибизди айттык. Болбой коюшту, бир да дарыгер чыгып, маалымат берген жок. Ошентип саат 21:00, кийин 00:00 болду. Жок. Маалымат ала албай койдук. Менин келинчегимдин ден соолугу чың болчу. 04:00 чамасында кесарево болгону жатканын айтып, дарыканага жөнөтүштү. 4 миң сомдон ашык акчага дары алдым. Кайра жөнөтүштү. 20 мүнөттөн кийин дагы жиберишти. Тамчылатмага окшош нерседен алып келип жаттык. Таң атты. Күттүк. Бишкектен 6 дарыгер келди. Алар киришти. Чыгып баары жакшы дешти. Анан кан басымы түшүп жатат дешти. Ошентип каза болуп калды. Мага акыйкаттык керек. Келинчегимдин ордуна мен өлсөм, ал оокат кылып кетмек, 9 баланы мен кантип карайм. Ким бизге баш-көз болот», — дейт жолдошу Тынчтыкбек Өмүрзаков.