«Мен өлүп калсам, балдарым көчөдө калбаса дейм» дейт жалгыз бой эне

Бул жолу биздин телеканалга эки кыздын энеси Гүлмира Избасканова кайрылды. Ал мындан он чакты жыл мурда гезиттеги жарыя аркылуу жигит менен таанышып, сүйүшүп, кийинчерээк анын абакта экенин билгенин айтат. Учурда ал 39 жашта. 20 жашында турмушка чыгып, уулдуу болгон соң, жолдошу каза болуп калган.

Ал гезит аркылуу жигит менен таанышып, жакшы көрүп калган соң, анын түрмөдө экенин билген. Ага карабастан жолугушууга барып жүргөн. Кезектеги жолугушуудан кийин боюнда бар экенин билген. Жолдошу да убактылуу түрмөдөн чыгып жатканын айтып, сүйүнчүлөгөн. Экөө иштеп-жашап жүрүп, экинчи жолу кыздуу болушат. Жолдошу уурулукка шектелип, кайра 7 жылга соттолгон. Андан бери 8 жылдай убакыт өткөнүн айткан аял, «жолдошум ошондон бери байланышка чыкпайт» дейт. Ал ошол учурда кыйналганын айтып берди.

«Кызым сатылма сүт менен чоңойду. Идиш, пол жууп күнүнө 400-500 сом тапчумун. Тапкан акчам же батирге же азык-түлүккө жетпейт. Батирге да карыз болуп кеткем, ээси күндө келет. Аябай кыйналдым. Кыздарым кошуна келиндин балдарынын мечитте отуруп, акча сураганын көрүп калыптыр. Анан сурасам, жол киреге эле акча табарын айтты. Жума күнү мечитке кайыр сурап чыктым. Бир аз акча таптым. Башка күндөрү кафелерде пол, идиш жууйм. Талаада да иштейм. Мамлекет жер берсе, үй салып, балдарым менен чогуу жашасам дейм. Мен өлүп калсам, балдарым көчөдө калбаса дейм», — деди ал.