«Мен өлүп калсам, булардын жашоосу кандай болот» дейт 2 майыптыгы бар баласын караган ата

Уларбек Тентиев 43 жашта, анын иниси Бакыт Тентиев 38де. Бир туугандардын экөөнүн тең тубаса акыл-эс жагынан майыптыгы бар. Мындан улам, билим алышкан эмес, үй-бүлө да курушкан эмес. Дайыма бир адамдын көзөмөлүндө болушу керек. Ошондуктан, аларды 70ке таяп калган ата-энеси багат. Кирин жууп, тамагын жасап, алтургай мончого алып барып жуунтуу да ата-энесинин моюнунда. Үй-бүлө Кемин районундагы Шабдан айылында жашайт. Бул ирет дал ушул үй-бүлөнүн баянын чагылдырабыз.

«Мен 68 жашка чыгам. 4 балам бар. Эң улуусунун майыптыгы бар. Анан кызым бар. Кызымдан кийинки уулум шаарда. Эң кичүүсүнүн да майыптыгы бар. Кайнатам майып болчу экен, ошондон кан кууп кеткен. Кызымдын кызы да сүйлөбөй калды. Жашоо мага кыйын эле болду. Булар кол арага жакшы жарабайт. Ушуларды багам деп эле жүрөм. Азыр кымбатчылык болуп жатат, а мен үйгө жуунуучу бөлмө жасашым керек. Же акча жетпейт. Үйдө шарт болбогон үчүн менчик мончого алып барып, жуунтуп келем. Пенсиясын алабыз, биздин да пенсия бар. Ал деле жетпейт», — дейт атасы.

«Жубайым жуунтуп-тазалантып карайт. Кийим-кечегин колго жууйт. Ошол менен алек. Мен өлүп калсам, булардын жашоосу кандай болот», — дейт чочулаган ата.