«Мен оюмду өзгөртпөйм». Министр №1 Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчисинин кызматтан алынышы тууралуу

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев №1 Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлеринин мурдагы жетекчиси Нурлан Галбаевди колдогон митинги боюнча комментарий берди.

Министрдин айтымында, катышуучулардын жарымы дарыгерлер эмес. «Мен саламаттыкты сактоо тармагында көптөн бери иштеп келе жатам жана №1 Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунда кимдер иштеп, кимдер иштебей тургандыгын билем. Мунун баарын Галбаев уютуруп жатат, мен дагы миң адамды алып келип, митинг уюштура алам. Ал жакта иштеген дарыгерлер менен байланыштым, бардыгы мени билишет», — деди ал.

Министр белгилегендей, Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун башчылары гана ага баш ийишет, ал эми калган үй-бүлөлүк медицина борборлору Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборуна баш иет.

«№2 Үй-бүлөлүк медицина борборунда эмне болду… Менин тиешем жок, мен кызматтан кетире албайм жана башкы дарыгерди дайындай албайм. Бул Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборуну жетекчисинин милдети жана бир гана Ленин районунун Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун директору бардыгына жооп берет. Вакциналардын жараксыз болуп калышы бул трагедия, анткени биз вакцинаны араң алганбыз. Миңге жакын вакцина жок кылынды, биз миңдеген адамдардын өмүрүн сактап кала алмакпыз. Мен эч качан өз оюмду өзгөртпөйм жана Галбаев бул жөнүндө билет. Мен дагы антимитинг уюштура алам», — деди министр.