«Мени саясатка аралаштырбагыла». Омар Матраимов менен түшкөн сүрөт боюнча үн катты

27-август күнү Бишкекте муфтияттын жаңы курулган баш кеңсесинин ачылыш аземи болуп өткөн. Ал жерге коррупция боюнча соттолгон Райымбек Матраимов да барган. 

28-августта социалдык тармактарда ачылышка атактуулар да барганы, алардын Матраимов менен түшкөн сүрөтү жарыяланды. Сүрөттөн спортчу Акжол Махмудов, ырчы Омар, ТикТокчу Аргенбайды, актёр, шоумен Нурсултан Курсанали уулун, модель Аскат Осмоновду, фотограф Эржан Кадырбековду, шоумен, актер Эмил Токтошевди, блогер Байэль Байгазиевди көрүүгө болот. Жогорудагы көрүнүштү коомчулукка Мыкы аты менен таанымал шоумен Мыктыбек Мукаев соцтармактагы баракчасы аркылуу сындап өткөн.

Kaktus.media басылмасына ырчы Омар сүрөт боюнча комментарий берип, ырдайм го деп барганын айткан. Ал социалдык тармактагы баракчасында пикири менен бөлүштү. «Акыркы абал боюнча комментарий берип коёюн дедим. Жакшы жана жаман сөздөрүн аябагандарга Кудайым бар. «Эмне молдолор бийлейт бекен. Омар мечиттен ырдайм дейт го» деп таң калгандар — диний иш-чараларда ырдап келем. Актанып жатат дегендерге айтарым, элдин адамы болгондон кийин туура түшүнүүсүн каалагам, аны коомчулук алсыздыкка кабыл алып жатыптыр. Оюн бүткөндөн кийин берген маекте оюмду толук айта алган жокмун. Буга чейин эски муфтияттын ичине киргендер абалы кандай экенин билишсе керек. Жаңы имарат керек эле. Өзбекстан, Казакстан, Орусиянын муфтийлери, депутаттар, мамлекет жетекчилери, кесиптештерим жана диний кызматкерлер бар болчу. Эмнеге баарыңар мага асылып калдыңар? Мен үчүн таң калыштуу. Желегимди көп жерден татыктуу көрсөткөнгө аракет кылып келем. Мен элдин уулумун. 17 жыл сахнада маданиятка кызматымды өтөп, түз жүргүм келет. Менин ишим ырдоо, видео-сүрөткө түшүү. Ачылыштарга катышуу, эл менен баарлашуу. Мени саясатка аралаштырбагылчы», — деди ал.