«Мен силерден коркпойм. Мени да, силерди да Кудай жараткан». Болот Темиров Садыр Жапаровго кайрылды

Журналист Болот Темиров Ютуб каналына видео жүктөп, анда бийликтегилерге кайрылды.

«Биздин принциптерибиз Кыргызстанды өнүктүрүү, коррупционерлер менен күрөшүү. Мен Кудайга каршы чыкпайм, элдикин уурдап албайм, эч кимди колдонбойм, кедейсиң дешсе да кымбат кийинбейм, пафостун артынан кубалабайм, мага арам акчанын кереги жок. Мен өзүм менен өзүм күрөшөм жана эң биринчи адам бойдон калуунун аракетин көрөм. Мага акча сунуштагандын баарына жогорудагы принциптеримди айтып келдим. Алар менин принциптерим 2 жылга гана жетет дешти. Алар сенден принциптүү адамдарды сындырганын айтышты. Алар көбүн өзүлөрүнө окшоштуруп алганын айтышты. Мени ур-токмокко алышты, тыңшашты, коркутушту. Бул азыркыга чейин уланууда. Жада калса, биздин команданын мүчөлөрүнүн жеке жашоосуна чейин асылышты. Өзүлөрүнүн фейктери аркылуу акылга сыйбаган нерселерди таратышты. Өзүңөр билгендей, ушул жылы бизге кылмыш ишин козгоп башташты. 16 жыл мурункуга кайрылалы. Мен КТРКда иштей баштадым. Мага журналисттик квалификация жетпей жатканын билип, Орусияга кеттим. Бир күнү мени Ак үйгө чакырышты. «Костюм барбы?» дешти. «Жок» десем, сатып алышым керектигин айтышты. Мени кызматка алышты. Мен иштей баштаганымда эле чоң кызматтарда Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Акылбек Жапаров отурушкан. Мен ал учурда жаш болчумун. Кооз сөздөргө ишенип, мактаганда ырахмат айтып жүрдүм. Бизде билим болгону менен, психологиялык жактан даяр эмес болчубуз. Максатты да кое билчү эмеспиз. Мен революциядан кийин деле Ак үйдүн бир жеринде иштей бермекмин. Мен ойлонуп, суроо салдым. «Мен эмне үчүн ал жакка барышым керек?» Алардын принциптери менин кыжырымды кайнатат. Менде статус, байлык болбой эле койсун. Мен журналисттин жолуна түштүм. Ошондон бери журналисттикке эле эмес, психология, финансы, башкарууга кызыгып, окуй баштадым. Өзүмдү өнүктүрүүгө аракет кылам. Мени сындыра албайсыңар. Мен өлсөм дагы, абакта отурсам дагы мен ыйлашым, кыйналышым мүмкүн, бирок бактылуу болом. Анткени Кудайга шүгүр кылышыбыз керек. Мен эч кимден коркпойм. Анткени силер дагы Кудайдын жаратканысыңар. Биз бирдейбиз. Мен өзүмдөн өзүм корком», — деди ал.

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде Болот Темировго козголгон кылмыш иши тууралуу да кеп кылган. Ал: «Болот Темировго кылмыш иши үч ай мурда эле ачылган. Бирөөнүн аскердик билетин уурдап алып, өзүнүн сүрөтүн чаптап, фамилиясын алмаштырып, ошол аскердик билеттин негизинде Өзгөндөн кыргыз паспортун алган экен. Өзү Орусиянын жараны болгон. Ал аскердик билеттин ээси дагы табылды. Болот Темиров кыргыз армиясында эч качан кызмат кылбаганын Коргоо министрлиги дагы тастыктады. Мындай жасалма документ жасап алып жоопко тартылып жаткан адамдар жүздөп саналат. Болот Темиров алардын бирөөсү гана. Ишенбесеңер журналисттерден турган комиссия түзүп барып, ИИМден кагаздарын көргүлө. ИИМ көрсөтөт. Жашыруун эмес. Болот Темиров журналист болгон үчүн резонанс жаралып жатат. Эмне бизде “журналист болсоң эле кылмыш кыла бер, жоопко тартылбайсың” деген мыйзам барбы? Башкалардан эмнеси артык? Баары менен бирдей жооп берет. Мыйзам президенттен баштап жөнөкөй жарандар үчүн баарына бирдей. Ушуга баш иели баарыбыз, ээнбаштык кыла бербей», — деген болчу.