«Мен уккан эмесмин». «Кайын журтум кызымды чанып, кабыл албай койду» деген келинге кайненеси жооп берди

Буга чейин SUPERTV телеканалына “Акыркы тамак-ашты жеп жатабыз” деген келиндин видеосу жарыяланган. “Дал ошол видеодогу Сагида Ташматованын кайненесимин” деген Зина Калмырзаева бизге “өз чындыгым бар” деп кайрылды. 

«Мен ошол келиндин кайненесимин. Экөө бири-бирин өзүлөрү табышкан. Ал кезде шаарда окучу экен. Айылга алып барды. Жакшынакай эле жоолук салып, той бердик. Шаарга кетебиз дегенде 15 миң сом санап, кетирдим. Ошондон баштап шаарда болушту. Мен жалгыз жашадым. 

4 баласын жакшы эле төрөп, бакты. Анан 5-кызын кабыл албай койду деп айтыптыр. Соттон ажырашканда боюмда жок деген экен. Азыр айына 4 балага 6700 сом төлөп турам. Мен чанбайм. Балам жалгыз болгондон кийин баланы чанбайм. Анын төрөгөнүн уккан эмесмин. Укпасам, көрбөсөм кантем? 5-неберем төрөлгөнүн SUPERTV телеканалынан билдим», — деди ал.