“МЕНИ АЯГАНДЫ ЖАМАН КӨРӨМ”. АМАН КЫРГЫЗСТАНДЫН МЫКТЫ IT-КОМПАНИЯЛАРЫНЫН БИРИНИН ДОЛБООРЛОРУН КАНТИП БАШКАРАТ?

Кутман күн! Чыныгы мүнөзү күчтүү адам жөнүндө айтып берүүгө убакыт келди. Таанышып алыңыздар биздин коноктун аты Аман. Ал Geeks командасынан.

Борбор калаада IT-курстар көп, каалаганын тандасаңыздар болот, биз болсо эч кимисин сындоого же жарнамалоого кызыкдар эмеспиз.

Болгону тагдыры оңой эмес инсандын мисалында позитивдүү жана максатка умтулган улан-кыздардын командасы тууралуу айтып бермекчибиз.

Аман тубаса борбордук нерв системасы жана омуртка дартына чалдыккан. Бул жашоо сапатына таасирин тийгизген бир топ олуттуу диагноз. Бирок Амандын ата-энеси кыйынчылыктарга моюн сунбай, баласынын өз алдынча жана өзүн-өзү камсыз кыла алган адам болушу үчүн колунан келгендин баарын жасашты.

Анда эмесе, сөздү каарманыбызга суналы:

— Кандайсың, Аман! Өзүң жөнүндө жана үй-бүлөң тууралуу айтып берсең.

Үй-бүлөсү:

— Кутман күн! Мен Бишкекте төрөлүп, чоңойдум. Үй-бүлөдө төртөөбүз – карындашым бар. Учурда инновациялык колледжди аяктап жатат.Ата-энем дарыгерлер: атам – анестезиолог-реаниматолог, апам – неонатолог.

Атам мага жардам берет, бусидо жолуна багыттап турат. ЖОЖду аяктасам да, апам менин жеке камкорум. Биз энелерибиздин көзүндө ар дайым кичинекей бойдон калабыз.

 

Үй-бүлөм мага дайыма жылуу жана камкордук менен мамиле жасашат. Атам мени мойнуна көтөрүп жүрчү. Бул мен үчүн аттракцион сыяктуу сезилчү. Ошентип, шаарыбызда өткөн көптөгөн кызыктуу иш-чараларга катыштык. Таенем мени ымыркай кезимден бери чоңойтту десем болот. Балалыгым көпчүлүк учурларда таенем менен таятамдыкында өттү. Жакшы көргөн тамагым – таенемдин колунан жасалган шорпо, ал эми таятам менен телевизор көргөндү жана шахмат ойногонду аябай жакшы көрчүмүн.

Таенемдин көзү өтүп кеткенге чейин капа-санаасыз өмүр сүрдүм десем жаңылышпайм. Бул жоготуу жашоомдо алгачкы болбосо да, ал ушул убакка чейин эң кыйын бойдон калууда. Таенем күчүн жоготуп жатканда өзүн кандай сезип жатканы, мени апакеме кам көрүшүмдү суранганы дагы деле эсимде. Албетте, мен сөз бергем. Таенемди жоготуу менин чоңоюумдун катализатору болду. Убакыт канчалык бат өтүп жатканын ошондо түшүндүм. Ата-энем качанкыга чейин жанымда болорун биле албайм да, ошондуктан алардын көзү тирүү кезинде бир нерсе жасоону баштоого мажбур болдум.

Окуусу:

Мектепте жакшы окучумун, отличник болчумун, анан БААУга «Колдонмо математика жана информатика» факультетине тоскоолдуксуз тапшырдым. Мектепте жана университетте жакшы досторду күттүм, алар менен азыркыга чейин тыгыз байланыштабыз.

БААУну аяктап, жумуш издей баштадым. Ар кандай багыттарды караштырдым – 3D интерьер дизайнери, motion дизайнери, иллюстратор болуп иштеп көрдүм, компьютердик оюндарды жасоону үйрөндүм.

Бул аракеттериме көп акча сарптадык (апам бардык окуумду төлөдү), канча деген күчүбүз жана башкысы – нервибиз кетти. Депрессия сымал бир нерсе пайда болду: «Ким болгуң келерин билбейсиң, алдыда сени эмне күтүп турат? Андан ары кантип жашайм?» дегендей. Көйгөйлөрүмө каршы күрөшүүдө жакындарым менен туугандарымдан тышкары эң жакын досум да көмөктөштү. Экөөбүз бирге көп убакыт өткөрчүбүз, негизинен компьютердик оюндарды ойной берчүбүз. Ошентип, бир аз да болсо алаксып, кабатырланып жаткан нерселеримди унутуп калчумун.

Бир жолу жакын досумдан анын иниси кайда окуурун сурап калдым. Geeks’те Android-иштеп чыгуу боюнча курсунда окуйт деп жооп берди. Аталган окуу борбору жөнүндө Instagram’дан кеңири маалымат алып, сынамык сабакка келдим. Коворкингде мени Данияр тосуп алды, ал маркетинг бөлүмүнүн башчысы. Мага баарын көрсөтүп, айтып берди, мага эмнелер жагарын, эмнени үйрөнгүм келип жатканын сурады. 1-2 сынамык сабакка катышкандан кийин “UX/UI-дизайнер” курсуна токтолдум. Geeks’тин жетекчилигинин артынан акысыз окудум, бул үчүн аларга абдан ыраазымын. Үч ай окуп, мыкты студенттердин катарын толуктадым. Бүтүрүүчү иштеримди карашкандан кийин, мени AgroHackaton’го чакырышты, анда мен айыл-чарбасы үчүн мобилдик тиркемени көрсөткөн тайпанын курамында болгом жана ушул тайпабыз менен USAID’дин сынагында биринчи орунду жеңип алдык.

Жумуш боюнча сунуш түштү. Мага USAID кызыкдар болуп чыкты, акыры сонун тайжрыйбага ээ болдум. Бирок эң башкысы – мен башкы суроого жооп алдым: «Мындан ары кантип жашайм?” Жообу: «Өзүмдү өркүндөтүүнүн үстүндө иштөө». Атүгүл мен үчүн бир да мүмкүн эмес эч нерсе жок экенин түшүндүм. Башкысы – каалоо керек. Албетте, баары эле оңой эмес да, артыкчылыктарды туура коюп, оор чечимдерди кабыл алып, тыянактарды чыгарыш керек. Бирок мунун баары, жашоодо бүтүн ийгилигибиз бир гана нерседен көз каранды – каалоодон. Жакшы жашагың келеби? Башта! Ошого умтул. Адам менен анын максатынын ортосунда эч ким жана эч нерсе тура албайт. Эгерде ал чындыгында муну кааласа, ал колунан келгендин бардыгын жасайт.

Азыркы учурда мен GeekStudio IT-компаниясында долбоордук менеджер болуп иштейм. Geeks’тин жетекчилиги Far Cry 6 түз обого чыкканымда «Долбоорлордун менеджери» жаңы курсунда окууну сунушташты. Бул жөн гана сунуш эмес, өйдөдөн белги болду!

Мүмкүнчүлүктү колдон учурбай, кайталоолорсуз, алгачкы жолудан курстан өтүп, биринчи агымдын жалгыз бүтүрүүчүсү болдум! Башында UX/UI дизайн боюнча курста мен мыктылардын катарында болсом, долбоорлук менеджмент боюнча курста таптакыр атаандаштарым да болгон жок!

Ар кандай жумушка киришкенге кубанычта болмокмун. Бирок бул курс мен үчүн өзгөчө болду. Уюшкандуу жана жоопкерчиликтүү болууга үйрөткөн, коомдо мыкты коммуникациянын көндүмдөрүн көрсөтүп берген насаатчыларыма өзүнчө ыраазычылык билдиргим келет.

Долбоордук менеджер деген ким? Долбоордук менеджер – долбоорлорду башкарган адис. Менин милдеттериме долбоорду демилгелөө, пландаштыруу, команда менен чогулуштарды өткөрүү, мотивациялоо, тапшырык берүүчүлөр менен байланышта болуу, милдеттерди түзүү жана бөлүштүрүү кирет.

Долбоорлору:

GeekStudio командасында долбоордук менеджер катары brand-make.net жана geeks.kg сайттарын түзүүнүн үстүндө иштедим.

Иштеп чыгуунун бардык баскычтарын өзүм алып бардым, демилгелөөдөн баштап релизге чейин. Тапшырык берүүчүлөр менен байланыштарды түзүп, техникалык тапшырмага талаптарды чогултуп, аларды командага өткөрүп берчүмүн. Прогрессти контролдоп, коюлган багыттан алыстап бараткан учурларды убагында аныктоо үчүн туруктуу түрдө ДСМ чогулуштарды өткөрүп турдум. Бул жыйындарда пайда болгон маселелер чечилчү. Жалпысынан иштеп чыгуу процесси дизайнды иштеп чыгуудан башталат, ушул баскычта тапшырык берүүчү менен да, дизайнер менен да ар дайым байланыштамын.

Эгерде оңдоолор керек болсо, аны киргизебиз. Дизайнды бекиткенден кийин биз сайттын  backend жана frontend курамын түзүүгө киришебиз. Backend-иштеп чыгуучулар сервердик бөлүктү түзүшөт, ал жерде маалыматтар сакталат. Демейде ал сайттан көрүнбөйт. Frontend-иштеп чыгуучулар – сайттын кардарлар бөлүгүн (интерфейс) түзүшөт, аны сайтка киргендердин баары көрүшөт. Мен командага эмне керек болсо, баарын камсыз кылам. Маалыматтан тартып мотивацияга чейин). Менин башкы милдетим тапшырыкчыга даяр долбоорду өз убагында берип туруу, ошол эле учурда жагымдуу маанайды жана командалык духту көзөмөлдөп турам.

Ооба, мен башында каалагандай дизайнер болуп иштебейм. Мен баарын нөлдөн баштадым. Өзүмдү издедим. Мен өзүмө жаккан нерсени кылдым. Мен эмне кылышым керек болсо, ошону жасадым. Акырында өз ордумду таптым. Жашоодогу максатымды таптым. Жашоонун маңызын таптым.

Geeks’тен мен өзөктү таптым – түшүнүүнү. Мен жамааттын толук кандуу мүчөсүмүн. Мага башкалардай эле мамиле кылышат.

Иштеген мага оор экени айтпаса да түшүнүктүү болсо керек. Бирок бекем эрктин күчү гана каалагандай жүктү, атүгүл ынтымактуу жамааттын курамын да башкара алат!

Мени аяганды жаман көрөм. Тескерисинче, бул мени кыжырлантат. Мен бир гана нерсени суранам – мени түшүнсө дейм.

Баары эле мени үчүн оңой болду деп айтпайм. Бирок менде өжөрлүк табиятымдан күчтүү. Ал эми Geeks мотивация ийгиликтүү билим алуум үчүн жетиштүү. Ак пейилдик жана жолдошчулук колдоо, жакшы маанай мен үчүн эң туура келет.

Мен ийгиликтерге өз алдымча жеттим деп айта албайм. Ошондой эле көрүнүшү мүмкүн. Бирок мен бүт өмүрүмдү коштогон, жардам бергендердин баарын эстебей кете албайм – ата-энем, үй-бүлөм, туугандарым, жакындарым, досторум, мугалимдерим. Өмүр жолумда мени менен кездешкен ар бир адам – мага өз таасирин тийгизди. Акыр аягында барып мен ушул деңгээлге жеттим – мунун баары өз ара жакындан аракеттенүүлөрдүн натыйжасы деп билем. Дегеле, адам – социалдык көрүнүш эмеспи.

Билесиздерби, GeekStudio Кыргызстанда эң көрүнүктүү ири IT-компания  болуусуна бардык шанстар бар экендигинен кыпындай да күмөнүм жок. Ал эми биздин өлкөнүн өнүгүү динамикасын эске алсак, анда бизди дүйнөлүк рынокто ийгиликтер гана күтүүдө.

Мен элге эмне айткым келет? Эч качан өзүңөрдү таштабагыла. Эгерде кыялдар максатка айланса, ал сөзсүз ишке ашат. Кыялдар – бул асмандагы кол жеткис ойлор. Максат – бул силердин көз алдыңарда болушу керек. Максат койгула жана эч нерсеге карабастан аны көздөгүлө. Өжөрлүк жана эмгек – ийгиликтин ачкычы. Көйгөйлөр чыгат, жоготуулар болот, бирок курмандыксыз – жеңиштерди багындыра албайсың. Өйдө-ылдый болосуң. Эгерде адам өзүн-өзү өзгөртпөсө, жашоо өзгөрбөйт.  Кээ бир учурларда дүйнөдө бир гана сизге баары жаман болуп, баарын таштап кетиш керек деген учурлар болот. Бирок ар дайым сенден да жаман абалда жашап жаткан жаткан адамдар чыгат. Өзүңдү өзүң аяп, коомго таарынып, убакытты жана күч-аракетти бекерге коротуунун кажети жок. Бул эч нерсени өзгөртпөйт. Андан көрө ошолорду жашооңузду өзгөртө турган жаңы башталышка жумшаганыңыз жакшы.