«Мени көргөндөр “тобо кылдым” деп жакасын кармашат» дейт майыптыгы бар эне

Дамира Шамбетова Майлы-Суу шаарынын тургуну. Келиндин майыптыгы бар, анын бир капталы начар иштейт. Ал чиедей балдарын жетелеп, борборго ортоңку баласын дарылатканы келип турат. “Дени сак жигит аял кылып албайт деп, өзүмө окшош майыптыгы бар адамга турмушка чыккам” деген каарманыбыздын баянын уктук. Жардам берүүнү каалагандар үчүн номерлер: 0559 69 11 91, 0505 60 99 22 (О!деньги)

«Биздин 3 балабыз бар. Жолдошум экөөбүздүн тең майыптыгыбыз бар. Менин бир жак тарабым иштебейт, аксап басам. Ошол үчүн ооруган балага эле турмушка чыккам. Жолдошумдун талмасы бар. Мен балдарымды үйгө таштай албайм. Жолдошума таштасам, анын талмасы кармап калабы дейм. Анын жини келет. Ачуусу келгенде сабайт. Барар жерим жок үчүн жашап жатам», — дейт ал.

Ал баласы ооругандыктан улам Бишкекке келерин айтат. «Төө-Ашуудан кан басымым жогорулап, көзүм көрбөй калды. Балам да кыйналат. Ал баса албайт, сүйлөбөйт. Ата-энем жок. Бир туугандарым өздөрү менен өздөрү. Мен тойлордо кызмат кылганды жакшы көрөм. Бирок ошол жерде мени басынтып коюшат. «Майрыйтпай башкаңар кылгылачы» дешет. Курбуларым деле жок. Мектепте да кемсинтишчү. Мени көргөндөр “тобо кылдым” деп жакасын кармашат. Ал учурда апам бар болчу. Ал «сен Кудайдын жакшы көргөн пендесисиң» деп койчу. Эми мени сооротконго адамым жок», — дейт келин.