«Мени куткарып калганыңарга ыраазычылык». Ысык-Көлдө кайыгын толкун тартып кеткен эс алуучу чыгарылды

Кечээ, 31-июлда Ысык-Көлдө аба ырайы өзгөрүп, катуу шамалдын кесепетинен көл үстүндө болжол менен 1,5 метрге жеткен толкун катталган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Бул учурда Балыкчы шаарына караштуу жээкте кайык менен көл үстүндө сейилдөөгө чыккан эс алуучуну катуу толкун жээктен алыска тартып кеткен. Табигый кубулушка кабылган эс алуучуну куткарууга Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылган.

Алар кыймылдаткычтуу жел кайык менен эс алууга чыгып кеткен Орусиянын жаранын жээктен 2-3 чакырым алыстыктан табышып, жээкке аман-эсен алып чыгышкан.ӨКМ тараткан видеодо куткарылган жарандын ӨКМдин кызматкерлерине ыраазычылык билдирип жатканын көрүүгө болот.