«Мени сабачу». Бишкекте келин балдары менен жолуга албай жатканын айтты

Социалдык тармактын колдонуучусу 2021-жылы күйөөсү экөө жашаган үйүнөн эмчектеги баласы менен чыгып кеткенин, 2 жашы жете элек балдарына жолуга албай жатканын жазып чыкты.

«Ошол күндөн бери жолдошум балдарды көрсөтпөйт. Өзүм барайын дейм, бирок жолдошумдан корком. Ал мага зомбулук көрсөттү, мени кемсинтчү. Андан менин качып кеткеним балдарга зордук-зомбулук көрсөтүүгө түрткү болушу мүмкүн. Мен үч баланын энеси катары балдарды көрбөгөн үчүн моралдык азап тартып жатам. Мен кызым менен баламды алып калып, мени ошолордун арты менен кайрып, зомбулугун улантканы жатат. Менин жазганым менен бөлүшүп коюну суранам. Балдар азап чекпеши керек»,- деп жазды ал.