«Мени сабап жатып, боюмдагы 5 айлык баламды өлтүрдү». Келин күйөөсүнөн көргөн кордукту айтып берди

Бишкекте өткөн маалымат жыйында «Сезим» кризистик борборунун жетекчиси жолдошунан кордук көргөн келинди алып келип, келин көргөн кордугу тууралуу айтып берди.

«Мен 2011-жылдан бери жолдошумдан зордук-зомбулук көрүп келем. Ушул жылга чейин жакшы эмес жошоодо жашап келдим. 4 балам бар. Жолдошум жашап баштагандан бери эле кордук көрсөтүп жүрдү. Бул менин жана жолдошумдун экинчи турмушубуз. Зомбулукка чыдап, үй-бүлөнү сактайын деп сөзүнөн чыкпай жашап келдим. Жакшы күн болгон жок. Турмушка чыккан соң, боюмда болду. 4,5 айдан ашкан соң мени сабап баштады. Буга эч себеп болгон жок. Боюмдагы баламдан айрылдым. Дарыгерге барсам өлүк экенин айтышты. «Эч кимге айтпа, ата-энеңе айтпа. Айтсаң мени камап салат. Бул күндөр өтүп кетет» деп жалдырады. Мен да кантип айтам деп унчуккан жокмун. Дарыгерлер наркоз менен баланы кескилеп албасак болбойт. Бала чоңоюп калган экен дешти. 

Кийинки балдарым төрөлдү, эч өзгөрүү болгон жок. Төрөтканадан чыкканда эле, «балдарың эмне ылайт» деп бешикти оодарып, жаздыкты бетине баскан күндөрү болгон»,- дейт келин.