«Мени «свиданиеге» чакыра албай кыйналып жатат окшойт». Гүлзат Мамытбек Кокуловго жооп берди

Депутат Эрулан Кокулов Жогорку Кеңештин жыйынында кайрадан Гүлзат Мамытбек темасын козгоду. Ал ИИМдин өкүлүнө «Гүлзат Мамытбек менен эмне болду?» деген суроо салды.

«Мен ушул кызга жаман жармаштым да. Себебин айтып берейин, ал азыр ырдап, бийлеп ЦУМдун алдында жүрөт. Бул бизде аферисттер бийлеп-жыргайт дегенди түшүндүрөт. Анткени мен изилдеп, канча кишини алдап кеткенин, Москвада ошол акча менен жашап келгенин изилдегем. Ал кайсы чечим менен чыкты? Мына азыр кайра концерт берип жатыптыр. Кайра катталгыла, ойгонгула деп акча чогултуп жатыптыр», — деди ал.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги депутаттын айткандары боюнча Гүлзат Мамытбекке кайрылганыбызда, видеону көргөнүн, каткырып жатканын айтты. «Ал мени «свиданиеге» чакыра албай кыйналып жатат окшойт. Экинчи жолу кеп козгоп жатат. Мейли, 2030-жылы президент болгуча эстетип кое берсин»,- деп тамашалуу жооп берди.