Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев “Келечек” балдардын чыгармачылык борборуна барды.
Аталган борбор толук оңдоп-түзөөдөн өткөн. Жеңишбек Токторбаев борбордун жамааты жана шаар тургундарынын катышуусунда жаңыланган чыгармачылык борбор менен таанышып, мугалимдер менен пикир алышты. Жолугуу учурунда ал сүрөттөн сабак берген мугалим анын сүрөттүн тартып берсе, белек берерин билдирди.