“Менин балам акыркысы болсун”. Кара-Сууда каза болгон окуучунун атасы

12-февралда Кара-Суу районунун Манас айыл аймагындагы Каратай айылында жайгашкан орто мектебинде 9-классынын окуучусун 2007-жылы туулган бала ур-токмокко алып, алган жаракатынан улам окуучу каза болгон эле. Маркумдун ата-энеси SEREPTV телеканалына маек берип, каргашалуу күн тууралуу айтып беришти.

Мектептеги рэкетчиликтен каза тапкан Адилеттин атасы Бактыбек Маматибраимов баары мыйзам чегинде каралышын талап кыларын айтат: «Менин балам акыркысы болсун, күнөөкөрлөр жазасын өз мойну менен тартышса, ушуну менен токтойт беле дейм. Ушул убакка чейин канча деген ата-эненин көз жашы төгүлүп, канча деген баланын өмүрү кыйылды. Мындан ары да уланышы мүмкүн, эгер биз кыргызчылык кылып жаап коюп, тааныш-билиш кылчу болсок«.

Бактыбек Маматибраимов мугалимдер, ФАПтагы дарыгери да жалган маалымат бергендиги үчүн жоопко тартылсын деп укук коргоо органдарына кайрылды. «Мен ФАПка келип Тез жардамга чалганымда, өзүңөрдүн аймагыңарга чалгыла дешти. Ушул жерден мединица тармагындагыларга да кайрылам, Тез жардамды бат жиберсеңер. Муктаж болгон үчүн чалабыз да. Андан сырткары ички иштер органдарына да кайрылам — мектептин директорун, мугалимдерди жалган маалымат бергендиги үчүн жоопко тартышсын. Алар мага «балаңыз танаписте кетип баратып эле жыгылып түштү» дешкен. Кулап түшкөндүр деп ойлогом. Мугалимдердин сөзүнө ишенип, доом жок деп жазып бергем. Экинчиден, айылдагы ФАПтын дарыгеринин «баланын каны аз болчу, учетто турчу» деп жалган маалымат көрсөткөнү үчүн, ага да чара көрүлүшүн суранып кетем. Эгер менин үнүмдү угушпаса, Камчыбек Ташиевге чейин барам. Менин чырактай жапжаш балам өтүп, кан жутуп турам», — деди Адилеттин атасы.

Анын айтымында, милиция кызматкерлери мектептеги камераларды текшеришкен. «Камераны карашты, көрсө баламды сабак учурунда алып чыгып кетишкен экен. Мага мугалимдер танаписте кулап түштү дешкен да. Андан сырткары баламдын күндөлүгүндө 1, 2-сабактарда беш алганы бар. 3-сабакка катышкан эмес. Мага 11:30да чалып жатышат, ошондуктан саат 10 менен 11дин ортосунда болгон окуя деп ойлоп жатам. Балам жоош эле, көчөдө мушташканын көргөн да, уккан да эмесмин. Ичине салып жүрө берген экен», — дейт Адилеттин атасы.