«Менин шаарым» тиркемеси «Мэрдин кайрылуусу» деп өзгөртүлөт

Бүгүн, 17-декабрдагы борбор калаанын мэриясында мэрдин орун басарларынын жана шаардык кызматтардын жетекчилеринин катышуусундагы пландык кеңешмеси өттү.  Анда «Менин шаарым» тиркемесинин атын «Мэрдин кайрылуусу» деп өзгөртүү планы айтылды.

Шаардык кызматтар тарабынан «Менин шаарым» тиркемесиндеги кайрылуулардын аткарылышын текшерүүнүн жыйынтыгы тууралуу уюштуруу-көзөмөл иштери бөлүмүнүн башчысы Кубандык Акматбеков билдирди. 2024-жылдын январь-ноябрь айларында Бишкек шаарынын мэриясынын Call-борборуна («Менин шаарым» тиркемесин кошкондо) колдонуучулардан 13 653 кайрылуу келип түшкөн, анын 12 054ү аткарылган, 1 598и аткарылган эмес.

«Уюмга түшкөн ар бир өтүнүчтү менин буйругум катары карайсыңар. Бир дагы кайрылуу жоопсуз калбашы керек», — деп кошумчалады мэр Айбек Джунушалиев.

Жыйында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен бардык кайрылууларды ыкчам жана сапаттуу кароо тапшырылды.