«Менталитетке туура келбейт». Депутат ТикТоктогу контентти көзөмөлдөө керектигин айтты

ТикТоктогу контент кыргыз элинин менталитетине туура келбейт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жаныбек Кыдыкбаев билдирди.

Анын айтымында, ТикТок балдарга терс таасирин тийгизип жатат. «Анда жарым жылаңач денени, баңгизатты, спирт ичимдиктерин, зордук-зомбулукту көрсөтүшөт. Биздин менталитетибизге көп туура келбейт. Мунун баары балдарга тийгизген таасирин Маданият министрлиги талдап жатабы? TикТок жабылышы мүмкүнбү? Санариптик министрлиги алардын аккаунттарын жаап сала албайбы? Коомубуз, келечек муун бузулуп баратат. Жаба албасаң, күрөшүшүң керек. Кыргыз элинин менталитетин, каада-салтын даңазалагыла», — деди Жаныбек Кыдыкбаев.

Маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу жакын арада «Мета» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп, анда социалдык тармактарга байланыштуу айрым маселелер карала турганын айтты. «Албетте, мени да ата катары, социалдык тармактардагы айрым контенттер көңүлдү бурдурат. Бирок ата-энелер балдардын социалдык түйүндөргө кирүүсүн көзөмөлдөп, телефон бербесе, анда терс кесепеттер болбойт. 23-октябрда “Мета” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуубуз керек болчу, бирок алар биздин өтүнүч боюнча аны жылдырышты. Келишим түзө алсак, көп маселелерди чечебиз», — деп кошумчалады ал.