Мэр Акаев адам өмүрүнө кооптуу канал жээктерин тосуу тапшырмасын берди

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Курманжан-Датка жана Манас-Ата муниципалдык аймактары аркылуу өткөн Увам жана Жекелик каналдарынын абалы менен жеринде таанышты. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Шаар башчысы тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында канал жээктерин тез арада тосуп, иретке келтирүү боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма берди. Кыдыруунун жүрүшүндө мэр канал жээгинде жашаган тургундар менен да жолугуп, жакын арада коопсуздук талаптарына ылайык жаңы тосмолор орнотулуп, аймак толугу менен иретке келтириле турганын билдирди. Ошондой эле шаар башчысы тургундарды канал жээктерин мыйзамсыз ээлеп албоого чакырып, мындай аракеттер катталган учурда мыйзамга ылайык чара көрүлөрүн эскертти.