Мэр Бишкектеги таштанды таштоочу жай боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди

Бишкек шаарындагы таштанды таштоочу жай боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев билдирди.

Анын айтымында, подрядчы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан берилген каражатты туура жана эффективдүү пайдаланган эмес. «Тазалыктын» кызматкерлеринин жоопкерчилиги да каралышы мүмкүн», — деди ал.

2017-жылы Бишкек шаарында жаңы таштанды таштоочу полигон жана таштанды сорттогон фабрика курулушу керек болчу. Эски таштанды таштоочу жай рекультивация болмок. Бул иштерге Бишкектин мэриясы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан жана Еврокомиссиядан 11 миллион евро алган.