Икрамжан Сайдаматов шаардагы Өзбек көчөсү № 6 дарегиндеги жолду тосуп, ортосуна үй салып алган. Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев турак үйүн бузуп, жолду ачып жаткан үйгө барган. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Мында үй ээси жалпы 14 адам жашап жатканын, үйүнүн жарымы бузулган соң батпай, үйүнүн калган бөлүгү жараксыз экенин, кызы төрт баласы менен турмушунан ажырап чогуу жашап жатканын, балдарынын майыптуулугу бар экенин айтып жардам сурап кайрылган. Турмуш-шарты чынында оор экенин жана балдарынын жаш, атасыз чоңоюп жатканын эске алган калаа башчы Жеңишбек Токторбаев аларды көчүрүп чыгарып, үй берерин убадалаган. Көп өтпөй аталган үй-бүлө эки бөлмөлүү жаңы үйгө көчүрүлүп, күтүлбөгөн кайрымдуулук иштен кубанычта.