Мэр Токторбаев Ош шаарында 7 облустун аталышы пайда болорун айтууда

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев шаардагы 7 муниципалдык аймактык башкармалык менен 2 айылдык башкармалыкка Кыргызстандын 7 облус, эки республикалык маанидеги шаарынын аталышын берүүнү сунуштады. Бул тууралуу Ош мэриясынан маалымдашты.

Кыргыз Эл акыны Суранчы Жетимишов демилгени колдоп, калаа башчысына батасын берди.