Мэр: «Күздө Бишкектин борбордук көчөлөрүн кичи автобустардан тазалоо пландалууда»

2022-жылдын күз айларында Бишкектин борбордук көчөлөрүн кичи автобустардан тазалоо пландалууда. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, ал жүргүнчү ташуучу компаниялар менен жолугуп, жыл аягында шаарга жаңы автобустар алынып келерин айткан. Аларга которулуп, өз багыты боюнча иштөө сунушталды. Мэр борбордук бөлүктү октябрь же ноябрда маршруткадан бошотуп берүүнү убада кылууда.

Ошондой эле келерки жумада муниципалитет 100 жаңы автобус сатып алары айтылды. Буга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы жана Азия өнүктүрүү банкы аркылуу акча бөлүүнү убада кылган.