Мэрдин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиев таштанды полигонуна көчмө жыйын өткөрдү

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиев «Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, шаардык таштандыга барды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Иш сапары учурунда шаар башчысы таштанды полигонунун иштетүү үчүн жакында сатып алынган атайын жабдуулардын иштебей турганын, кызматкерлер конкреттүү эмгек шарттарына керектүү жабдуулар менен камсыздалбаганын байкаган.

Ал ошондой эле Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан бөлүнгөн каражат  “Бишкекте катуу таштандыларды башкаруу системасын жакшыртуу” долбоорун ишке ашыруунун жыйынтыгына нааразы болду.