Мэрдин сөзүн укпай… Автобуска түшпөгөн кызматкерлердин тизмеси

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев муниципалдык кызматкерлерге жана муниципалдык ишканалардын кызматкерлерине жума сайын шейшемби жана бейшемби күндөрү коомдук транспортто жүрүүнү тапшырган болчу. Бул чаралар экологиялык абалды жакшыртууга, коомдук транспорттун абалын көзөмөлдөөгө, жүргүнчүлөрдү тейлөө сапатын жакшыртууга багытталган. Кызматтык унаалар шашылыш учурларда гана колдонулат.
Тийиштүү көзөмөл болбогондугу үчүн калаа башчысы борбордук аппараттын жетекчиси М.М.Исаковго жана уюштуруу-контролдук иштер башкармалыгынын башчысы К.А.Акматбековго эскертүү берди. Ошондой эле жеке унаа менен келген кызматкерлер аныкталган мекемелердин жетекчилерине дагы эскертүү жарыяланды:
— Биринчи май администрациясынын акими Сарылбек уулу У.
— Свердлов районунун акими Айтакунов К.М.
— Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин директору Мусаев У.М.
— муниципалдык инспекциянын башчысы Амангелдиев М.А.
— “Бишкексууканал” ишканасынын башчысы Жумалиев Ч.З.
— «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын башчысынын биринчи орун басары Акимов А.Д.

Төмөндөгү ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн жана муниципалдык ишканалардын кызматкерлери өздөрүнүн автоунаалары менен келишкен:
— Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департамент — 5 кызматкер;
— Свердлов райондук администрациясы — 4 кызматкер;
— «Бишкексууканал» МИ — 4 кызматкер;
— Биринчи май райондук администрациясы — 3 кызматкер;
— «Бишкекбашкыархитектура» МИ — 2 кызматкер;
– Муниципалдык инспекция  -1 кызматкер.

Шаар мэринин тапшырмасын аткарбаган кызматкерлерге чара көрүү боюнча тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары, Эмгек кодексинин 146-беренесине ылайык, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамдын 24-беренесинин 2 жана 12-бөлүктөрүнө ылайык, Ленин райондук администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Караев Бакыт Өмүрбековичке катуу сөгүш жарыяланды. Ошондой эле, Эмгек кодексинин 146-беренесине ылайык, «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын башчысынын орун басары Назгүл Жергалбековна Койбагаровага сөгүш жарыяланды.