Мэрия Ататүрк сейил багындагы бузуу иштеринин мөөнөтүн жылдырды

Бүгүн, 20-майда Бишкек шаарында Ататүрк сейил багында жайгашкан үйлөрдү бузууга каршы тургундар каршылык акциясына чыгышты. Буга чейин мэриядан аталган сейил бакта буздуруу иштери башталарын билдиришкен.

Тургундардын айтымында, алардын колунда үйлөрдүн тиешелүү документтери, кызыл китеби бар жана бул маселени мыйзам чегинде чечип берүүнү талап кылышты. Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев адегенде чогулган элге кызыл чийинден чыгып кеткен үйлөр демонтаждаларын айтты. «Чектен чыгып кеткендердин баарын түрттүрөбүз. 100гө жакын арызды сотко тапшырдык, аларды сот чечет. Бул маселе координациялык кеңеште каралды. Жакын арада мэрия өз ишин баштайт», — деди ал.