Мэрия: «Берекет» соода борборундагы соода жайларынын тарифтери көтөрүлбөйт»

Борбор калаанын биринчи вице-мэри Мирлан Байгончоков, Ленин районунун акими Русланбек Тагаев жана “Берекет” ЖАКтын директорлор кеңешинин төрагасы Болот Бегалиев соода жайларынын ижара акысын көтөрүүгө каршы митингге чыккан сатуучулар менен жолугушту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Район башчысы «Берекет» ЖАКтын директорлор кеңеши менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, жакынкы арада соода жайларына тариф көтөрүлбөй турганын билдирди. Билдирүүдөн кийин чогулган сатуучулар соода жайларына тарап кетишкен.

Бүгүн, 23-июнь күнү «Ош базарында» соода кылган сатуучулар «Берекет универсал» соода борборунун жетекчиси Индира Аблазовага каршы митингге чыгышкан.