Мэрия Бишкекте коронавирус күчөп жатканын эскертти

Борбор калаада эпидемиологиялык кырдаал курчуп, коронавирустун үчүнчү толкуну жүрүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бүгүнкү күнгө карата Бишкекте 257 кишиден коронавирус табылган. «Үй карантининде болгон жарандар үй-бүлөлүк дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда. Бүгүнкү күнү 4 миң 802 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Алардын ичинен 1 миң 801 адамдан коронавирус табылган (ооруну белгиси байкалбагандар же ооруну жеңил өткөрүп жаткандар). 3 миң 1 киши үй карантинине алынган», — деп билдиришет мэриядан.

Мэрия жарандарды беткап тагынып жүрүүгө жана санитардык эрежелерди сактоого чакырат.