Мэрия: «Бишкектеги ар бир автобустун айдоочусу нарколог тарабынан текшерилет»

Автобустун айдоочулары күн сайын наркологдор тарабынан текшерилип турат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

«Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасында наркологиялык кабинет иштейт. Эки автопарктын айдоочуларын текшерүүнү 7 нөөмөтчү наркологдор жүргүзүүдө. Дарыгерлер эртең менен каттамга чыгып жаткан айдоочуларды медициналык кароодон өткөрүшөт. Текшерүү жол баракчалары журналга каттоодон, тышкы экспертизадан, кан басымын өлчөөдөн турат», — деп айтылат маалыматта.