Мэрия: «Бишкектеги түтүнгө катализаторсуз унаалар себеп болууда дешти»

Бишкекте атмосфералык абаны коргоо боюнча иш-чаралар уланууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

«Борбор калаадагы унаалар үчүн зыяндуу түтүндөрдү тазалоочу катализаторлор көрсөтүлдү. Бул атмосфералык абаны коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан долбоорлордун бири. Адистердин айтымында, Бишкектеги түтүнгө жеке сектордун жана катализаторсуз унаалар себеп болууда. Катализаторлордун жоктугу атмосферага көмүр кычкыл газынын, көмүртектин жана башка уулуу заттардын көп бөлүнүп чыгуусуна алып келет», — деп айтылат маалыматта.