Мэрия: Бишкектин окуучулары жазгы каникулдан кийин деле аралыктан окушат

Борбор калаанын окуучулары жазгы каникулдан кийинки окуу процессин дагы онлайн режиминде улантышат. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгынын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 1, 2, 3, 4, 5, 9, 11-класстар мектепке барып окушат, ал эми 6, 7, 8, 10-класстардын сабактары мурдагыдай эле аралыктан жүргүзүлөт.

Ошондой эле бала бакчалар да азырынча толук ачылбайт. Мектепке даярдоо жана муктаж үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн ачылган өзүнчө топтор гана офлайн режиминде окушат.

Буга чейин Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев IV чейректен тарта бардык мектептер реалдуу шартка толук кайтат деп айткан болчу. Бирок өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу министр айткандай чечим кабыл алынган жок.

Өлкөдө 2020-жылдын март айында коронавирус илдетине байланыштуу мектептер жана бала бакчалар жабылган. Кийинчерээк кээ бир мектептер толук ачылса, айрымдары эпидемиологиялык кырдаалга жараша жарым-жартылай ачылып, балдар салттык режимде окуп баштаган. Ал эми менчик билим берүү мекемелери учурда салттык негизде эле иштешет.