Бишкек шаарынын мэриясы 2024-жылы борбордун негизги 6 көчөсүндө жолду капиталдык оңдоодон өткөрүүнү мерчемдеген. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
«Шаар мэри Айбек Жунушалиев тарабынан капиталдык оңдоонун жүрүшүндө сапатка жана жумушту белгиленген графикке ылайык аткарууга тыкыр көзөмөл жүргүзүү боюнча тапшырма коюлган. Быйыл реабилитация боло турган 6 көчөнүн ичинен, Иса Ахунбаев жана Байтик баатыр/Абдрахманов көчөлөрүндө жолду капиталдык оңдоо жумуштары аяктады.
Капиталдык оңдоону жүргүзгөн подряддык уюм менен түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык, жумушту аткаруучу тарап, жол тилкесинин сапатына 3 жылдык кепилдик берет. Кепилдик мөөнөтү иштеген убакыт ичинде жол тилкеси чөгүп, жарылып же мөөнөтүнөн мурда сапатын жоготсо, подряддык уюм өз эсебинен калыбына келтирет»,- деп айтылат маалыматта.