Мэрия: «Жол акыны көтөрүү планда жок»

Кечээ, 23-апрелде Бишкек шаарынын вице-мэри Мирланбек Байгончоков «Жол акы 25 сом болсо, жаңы автобустар 8-10 жылда өзүн актайт» деген.

Мэрия анын айтканы боюнча комментарий берди. «Бул Бишкек мэриясынын позициясы эмес, жаңы автобустардын өзүн актоосу боюнча түшүндүрмө. Мэрия коомдук транспортто жүрүү акысын көтөрүүнү пландаган жок. Борбор калаанын мэриясы жүргүнчүлөрдү ташуучу ишкананын ишмердүүлүгүн туура жүргүзүүгө жана чыгымдарын оптималдаштырууга көбүрөөк көңүл бурат», — деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.