Бишкек мэриясы: «Жол кирени өз алдынча көтөргөн айдоочуларды көрсөңөр кабарлагыла»

Бишкек мэриясы жол кирени өз алдынча кымбаттатып алган маршруттук таксилердин айдоочуларын жазага тартарын билдирип, андай фактылар болсо кайрыла турган телефон номерди жарыялады. Бул тууралуу шаардык бийликтин маалымат кызматы билдирди.

Мэриянын социалдык тармактардагы баракчасына шаардыктар кайрылып, №130 маршрутканын айрым айдоочулары жол кирени өз алдынча жогорулатып алганын айтышып, аны көзөмөлгө алууну өтүнүшкөн.

«Бул тезинен көзөмөлгө алынып, мэриянын транспорт башкармалыгы аталган линияга ээлик кылган «Трансгрупп Коммуникейшн» ЖЧКсына эскертүү берген. Өз кезегинде ишкана жетекчилиги маселени жеке көзөмөлгө алып, дагы кайталанса айдоочулар жазаланарын, ал турсун алар менен келишим токтотуларын эскертти»,- деп айтылат маалыматта.

Мэрия шаар тургундарына кайрылып, жогорудагыдай окуяга күбө болсоңор сүрөт жана видеого тартып, 0554 182-185 WhatsApp номери аркылуу жиберишин өтүндү.